www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жерлерди бөлүштүрүүдөгү эбегейсиз «шабашкалардын» 75%ы министрликке өтүп жатат»,- деди бүгүн, NazarNews маалымат агенттигине экономист Нурлан Токобаев.

- Нурлан мырза, 2021-жылдын 17-декабрындагы №309-айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндөгү токтом неге коомчулукта түрдүү пикир жаратып жатат?

- Чындыгында, бул токтом «орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт» дегендей эле болуп жатат. Себеби, мамлекеттин жерлерин бөлүштүрүү укугу айыл өкмөттөрдө болобу же Айыл чарба министрлигине караштуу болобу айырмасы жок. Кимисинде болбосун жер иштетем деген фермер кандай гана жолдор менен болсо да жерди алып, иштете алат. 

Жалпак тил менен айтканда, буга чейин айыл өкмөттөр жеп жаткан нанды, Айыл чарба министрлиги талашып жатат көрүнөт. Буга чейинки айыл өкмөттөрдүн мамлекеттин фондундагы жерлерди бөлүштүрүүдөгү эбегейсиз «шабашкалардын» 75%ы министрликке өтүп жатат. Ошол май-талкандан куржалак калтыра турган токтомго тынчсызданган айыл өкмөттөр жергиликтүү карапайым фермерлерди, активисттерди тукуруп, коомчулукта, социалдык тармактарда хайп жаратып, чечимге каршы нааразычылык акцияларын уюштурушууда. 

- Айыл өкмөттөр 2016-жылдын 18-ноябры № 599-токтом кабыл алынганда эмнеге бүгүнкүдөй нааразычылык билдиришкен эмес? 

- Негизи Айыл чарба министринин №309-токтомго ылайык айтылып жаткан убадалары, 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599-токтомдун 3-пунктунда эле бекитилген экен. Ошондо деле азыркыдай убадалар берилгендир.

Тактап айтсак, ал төмөнкүчө: «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан айыл чарба багытындагы жерлер 5 жылга ижарага берилет, бута кайрак айдоо жана көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлер, үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн 20 жылга чейинки мөөнөткө берилген жерлер кирбейт.

Бул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу мөөнөттөрү төмөнкү учурларда узартылышы мүмкүн: 

- Ижара акысын, салык төлөмдөрүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык убагында төлөсө;

- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдаланса жана агротехникалык талаптарды сактаса. Андан тышкары, башка да суроо жаралбай койбойт. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин негизинде Кыргызстанда 5 миңден ашык 3 жыл мурун каттоодон өткөн кооперативдер бар экен.

Ал эми, эксперттердин айтымында, бул кооперативдер көрө албастык, ичи тардык, билимсиздиктин айынан өнүгө алышпай, бүгүнкү күнгө чейин көзгө көрүнөөрлүк, башкаларга өрнөк боло турган кооператив жок экен.

 Ошондой эле, үрөндөрдү жана асыл тукум малдарды өндүрө турган чарбалар да жокко эсе. Анан, №309-токтом кабыл алынса, мамлекеттин рентабелдүү жерлерин каттоодон 3 жыл мурун өткөн 5 миң кооперативге бирдей майдалап бөлүп беребизби же саналуу гана кооперативдер алышабы? Кандай критерийлердин негизинде бөлүштүрүү бул да өзүнчө чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн.

Андан тышкары, жерлерди айыл өкмөт аркылуубу, же Айыл чарба министрлиги тарабынан бөлүп берсек дагы, кооперативдер дүркүрөп, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары өнүгүп кетет дегенден алысмын.

Балким, жерди талашып бөлүштүрөөрдөн мурун, кооперацияны, үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларын өнүктүрүү кадрларды даярдашыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости