www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талибан Ооганстандын башкаруу бийлигине келгенден кийин өлкөдөн чыгууга мажбур болгон Ооган Аялдар Футбол командасы Австралиядагы жашыл талаага кайрадан чыгышты. Melbourne Victory футбол клубу өз өлкөсүнөн качып кеткен оогандык футболчуларга эшигин ачты.
Мельбурндагы Victory клубунда алгачкы машыгууларын баштаган ооган аялдары ушул клубдун аты менен күч сынашат. Команданын капитаны Фатима командалаштары менен кайрадан чогуу футбол ойногону үчүн толкунданып жатканын айтты. Фатима талибдердин өлкөнү басып алганын, бирок алардын футбол ойноосуна тоскоол боло албастыгын баса белгилеп, карьерасын улантуу үчүн ар кимден колдоо күтөөрүн жашырган эмес.
Эске салсак, Ооганстанды талиптер көзөмөлгө алып, убактылуу башкаруу жарыялагандан кийин ооган футболчу кыздары өлкөдөн чыгып, Пакистанга кетишкен.
Ооган аялдардын футбол командасы 2007-жылы түзүлүп, биринчи эл аралык беттешин 2010-жылы Непал менен өткөргөн.
Булак: NazarNews.kg