www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду.

Анда эл өкүлү Нурланбек Азыгалиев жакында эле «Евразийский Бизнес Клуб» ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушканын билдирди.

«Анда үч көйгөйлүү маселе көтөрүлдү. Биринчиси, жер-жемиштерди сыртка алып чыгууда тийиштүү текшерүүдөн өтүп, фитосанитардык сертификат алууда кыйынчылык туулуп жатканын айтышты. Тагыраагы, 4-5 ай мурун дем алыш күнү да иштеген сертификат берүү кызматтары, азыр иш күндөрү гана иштеп, товар ташуу иши солгундап кеткен», – деди.

Муну менен катар Индия менен Пакистанга төө буурчакты экспорттоо иши токтоп калганын билдирди.

Ошондойэле, буга себеп төө буурчак алуучу тарап туура эмес маалыматтардын негизинде, атайын талаптарды койгон. Андыктан тиешелүү министрлик аталган өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, экспорт ишин жөнгө салуусу кажет экенин кошумчалады.

Буга кошо өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын техникалык регламенттерге ылайык толук анализден өткөрүп, сертификат берүүчү атайын лабораторияларды ачуу зарылчылыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости