www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда эмгектенген кыргыз мигранттары шылуундарга алданып, жөн жерден камалып атат. Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ыктыярчыларды тартып, мигранттардын укуктук аң-сезимин өстүрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү сунуштаган Кадырбеков: “Орусияда доллар жаап аткансып 11-класты бүтөөрү менен ата-энелер балдарын жөнөтүп жатышат. Өткөн жылы алты айдын ичинде “наркотика таратты, сатты” деген айып менен 201 бала кармалыптыр. Алар ошол чөйрөдө жүрөт дейсизби? Болгону “жумасына 15-20 миң рублдан айлык беребиз” деген кулактандырууларга ишенип, шылуундардын торуна илинип калып, байкуш балдарга убал болуп жатат, - деди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште мигранттардын анын ичинде Орусияда иштеген мигранттардын көйгөйлөрү байма-бай көтөрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости