www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушундай. Вице-спикер Улан Примов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунан атасына 2,5 миллион доллар жеңилдетилген таризде кредит алып бергени ачыкталды. Эмне деген сумма? Катардагы бизнесмендер мынчалык каражатты ала алышпайт да.

Баягы эле бийликке кошомат кылган чоңдордун иши жүрүшүп, теңсиздик улана берет тура. Натыйжада, Улан Примовдун алган 2,5 миллион доллар акчасы жеке байлыкты арбытуу үчүн жумшалары шексиз.

Андан көрө эл үчүн жумушчу орундарды түзүү менен мамлекетке пайдалуу иш жасалганда не? Качанкыга чейин көпөстөр ашына байый беришет? Тийешелүү органдар жеңилдетилген кредиттин кайда жумшалып жатканына көңүл бөлсө...

Баса, буга чейин үй-бүлөсү менен тендердин баарын утуп келсе, кызылдай эле коррупция эмеспи? Иликтенеби? Же баягы эле кайдыгерликпи?!

Булак: Азия News гезити

Последние новости