www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айбек Осмонов: «Өлкөдө 600дөн ашуун бала бакча жетишсиз»

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду.

Анда эл өкүлү Айбек Осмонов өлкөдө 600дөн ашуун бала бакча жетишпестигин билдирди.

«Бул жаатта алгылыктуу аракеттерди көрүүбүз кажет. Социалдык мекемелердин курулушуна багытталган каражаттарды көбөйтүп, бул жаатта иштеген кызматкерлердин айлык маянасын көтөрүү зарыл», – деди.

Бул ортодо депутат Миргүл Темирбаева Лейлек районунда капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж мектеп имараттары арбын экенин белгилеп, Чымген, Ак-Арык, Ай-Бийке, Көк-Таш өңдүү айылдардагы мектептердин абалы өтө начар экенин мисал келтирди.

Ошондой, Винера Раимбачаева мектеп окуучуларына берилген тамак-аштык абалы начар экенине токтолду.

«Кээ бир мектептерде ысык чай да берилбей калган учурлар болууда. Андан тышкары, ашканалары да талапка жооп бербейт. Андыктан бул жаатта тийиштүү чараларды жүргүзүү кажет», – деди ал.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости