www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шаардыктардын көбү Усубалиевдин учурунда «киргиз» болушуп, өз эне тилин билбей калышкан. Ал эми Кочкор айылынан орусча «Сорок летти» бүткөн Жапаров. Ал кыргызбы, арапбы же еврейби: «Жапаров төрөлгөндө еврейлер буркурап ыйлашыптыр» -деп бекер жеринен айтылбай калган, анткени Жапаров жердеши Усубалиев менен депутаттыкты талашып, артына суу куйган учурлар болгон. Ал эми дайыма президентке талапкер болуп жүрчү Кубаныч Апас: «Телпейген айылдыктар президент болушпай шаардыктарга жол беришсе өсмөкпүз» -деп жүрөт. Ким билет балким аныкы туурадыр. Же кыргызча билбеген «киргиздер» бийликке ушинтип айылдыктарды кемсинтип талпынышабы?
Орус тили мамлекеттик тил катары Раззаковдун учурунда да, Усубалиев, Масалиевдин учурунда эсептелине турган. 1989-жылдын 23-сентябрында гана мамлекеттик укукка жеткен. Биздин алдыбызда дагы бир маанилүү окуя чукулдап келатат. Мындан жүз алтымыш жыл мурун, 1863-жылы Кыргызстан Орусиянын курамына кошулган. 2023-жылы ал тарыхий окуяга туура жүз алтымыш жыл толот. Кыргызстандын Орусияга кошулганынын 100 жылдыгына карата 1963-жылы кырктын кырындагы кычыраган Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев «Боордош орус эли түбөлүккө атылган таң» деген доклад окуган. Усубалиевдин кыргыз тарыхында сиңирген эмгеги үлкөн. Бир гана ушул темир жолго келгенде өкүнүчтүүлүк менен эстеген окуя болгон. Биринчиден, Турдакун Усубалиев Кыргызстанды жетектеп турганда кочкорлук жердештери Кара-Кечеге чейин темир жолду курганды беш жылдык планга киргизбейлиби дешип кайрылышканда, «поюз келсе орус келет, тынч жата бербейсиңерби»- деп, Союз убагында темир жолго көңүл бурбай койгон. Ал кезде Советтер Союзу кийлигише турган болсо, поюз жолу деле салынып калмак. Экинчиден, Аскар Акаев президент болуп турганда, поюз жолун курабыз деп, башында Усубалиев турган демилгечи топ чыгып, ортодо элдин акчасы акаевчилер тарабынан жок болуп кеткен. Сакалдуу катары, Акаевди тыйып коюуга мүмкүнчүлүк болсо аксакалыбыз унчукпай поюз жолу унутта калган.
Азыркы мезгилде мусулман өлкөлөрү исламдашуу боюнча катуу аракет кылып турат. Бул дүйнөлүк лөк өлкөлөрдү чоочутуп койду. Биздин боордош орус эли ислам террорчулары тарабынан көп жабыр тартты. Биздин кошунабыз Казакстанда болгон башалмандыктарда терористтер биз барбыз дешип өзүлөрүн эскертип кетишти. Биздин мамлекетте эки ирет революция болуп шишип, ириңдеп бараткан көпкүлөңдөрдүн шишигин жарып, ириңин сыгып салдык. Мурунку бийликтер тарабынан бут тосуулар болду, кудай өзү сактасын Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калдык.
Биздин коңшулаш өлкөлөрүбүздө мындай революциялар болгон жок.Казактар алдын-алып коюшту. Саясий аналитиктердин айтуусунда алардын революция болсо бөлүнүп кетүүлөрү да мүмкүн. Өзбекстан жети Кыргызстанга бөлүнүп кетүү ыктымаалы болсо башка кошуналар жөнүндө деле ар кандай сөздөр бар. Кошунаң тынч болсо экен дейт.Биздин кошуналар да тынч болсо экен. Биздин мамлекетте жагдай башка. Бийликтегилер эл үчүн чуркап иштеш керек.Иштешпесе биздин жигиттер исламдан революция келерин күтпөй эле айдап жиберишет. Анткени революцияны биз баштап бердик.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg