www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишим ратификациялангандан кийин спикер баштаган парламент депутаттарын каралоо башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев биринчи Элдик Курултайдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин дарегине айтылган сын-пикирлерге карабай, мыйзам чыгаруу органында эл шайлаган депутаттар отурушат.

«Сын – бул үлгү. Парламенттин жетинчи чакырылышы президент менен мамлекеттик комиссия тарабынан сунушталган кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди колдоду. Ар кандай пикирлер болгон, бирок биз колдодук. Азыр бизди ылай басып жатышат. Бирок Өзбекстан менен түзүлгөн келишим Кыргызстан үчүн пайдалуу деп эсептейм», - дейт Нурланбек Шакиев.

Парламенттин төрагасы жетинчи чакырылыш мыйзам долбоорлорунун сапатына көңүл бурууну көздөп жатканын билдирди.

«Биз элдин эсинде мыйзам долбоорлорун сапаттуу кабыл алган, санына үстөмдүк кылбаган парламент катары кала бермекчибиз», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости