www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыккынчылар менен аёсуз күрөштөр улана берет. Мындай пикирин өкмөт башчы Акылбек Жапаров бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.
"Кыргыздын кайгысынын "к" тамгасын да тааныбаган чет өлкөлүктөрдүн жана олигархтардын анча-мынча акчасына азгырылып, демократия деген сөздү бетине кармаган, өзүн оппозициябыз деген бир ууч адам жасалма көшөгөнүн аркасында мамлекетти талкалоого даяр. Аларга өлкөдө эмне болуп жатат баарибир. Алардын максаты эптеп дүрбөлөң чыгаруу. Саясатты шоуга айлантып, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, кылдан кыйкым издеп, чукулап жазган айрым журналист, айрым бейөкмөт уюмдун жашоосу болуп калды. Же буларды карапайым элдин тагдыры кызыктырганын көрдүкпү? Жок. Элди бузганы мындан ары жетишет.
Биздин мамлекет адам укуктарын, демокартияны дайыма жактап келген, мындан ары да кармана берет. Бирок мамлекеттик чыккынчылыкка аёсуз күрөштөр улана берет", - деди Жапаров.
Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1072 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.
Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.
Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.
Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.
Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына биринчи Элдик курултайды өткөрүү белгиленген.
Булак: NazarNews.kg