www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филормонияда биринчи Элдик курултай өтүүдө.
Курултайга президент Садыр Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана ошондой эле 7 дубандан шайланып келген делегаттардын өкүлдөрү катышууда.
Курултайдын жүрүшүндө төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеш жакында Элдик Курултайдын статусу жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун карай тургандыгын билдирди.
Ал белгилегендей, парламент курултайдын статусу боюнча мыйзам долбоорун кабыл ала элек.
«Курултайдын статусу боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатат, талкуу болот. Бирок, акырында келечекте иштей турган мыйзамды кабыл алабыз деп ойлойм», - деди спикер.
Эске салсак, жазында профилдик комитет Элдик курултай боюнча мыйзам долбоорун колдогон эмес.
Булак: NazarNews.kg