www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаровду кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүп, салттуу диний жана руханий баалуулуктарды жайылтууда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ролу чоң экенин белгилеп: “Аталган мекеме тарабынан акыркы жылдары дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ийгиликтүү ишке ашыруу жаатында алгылыктуу аракеттер жасалууда”, – деди.

Муну менен катар ажылык сапарды уюштурууда коррупциялык жагдайларга жол берилбеши керектигин айткан төрага квоталарды ачык-айкын, акыйкат бөлүштүрүү зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров өзү жетектеген мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берип, ажылык сапарды уюштуруунун жүрүшү тууралуу да кеп кылды. Алсак, 2023-жылкы ажылык сапарга даярдык көрүү боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген штаб ачык-айкындуулукту камсыздоо, каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөө жана мыйзам бузууларга жол бербөө максатында иш алып барууда. Эскерте кетсек, быйылкы жылы Сауд Аравия Королдугу тарабынан Меккеге ажылыкка барууну каалаган кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6110 квота бөлүнгөн.

 

Последние новости