www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурланбек Шакиев депутаттарга эскертүү берди

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев депутаттардан тартиптин сакталышын талап кылды.

Анын айтымында, ушул жумадан тарта бардык депутаттар Эмгек кодексине ылайык сегиз саат иштөөгө милдеттүү.

«Ушул жумадан тарта тартип орнотобуз. Каттоодон өтүп, бирок жыйынга катышпаган депутаттар бар. Жумушка жүйөлүү себепсиз келбей койгон депутаттар бар. Сегиз сааттык иш тартибин Эмгек кодексине ылайык текшерип, талап кылабыз. Келбей калгандардын айлыгын кыскартабыз», - деди ал.

Нурланбек Шакиев ошондой эле, Жогорку Кеңештин башка органдардан мыйзамдын сакталышын талап кылуу жана алардын ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктары жетиштүү экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости