www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин коомдо аялдарын балдары менен таштап кеткен аталар жөнүндө айтылып келинген. Карантин да бул маселе орчундуулугун көзгө сайып дагы бир ирет көрсөттү. Жогоруда айтылган эркектер тууралуу "Балдарын таштаган эркектер, силерди эркек деп деле эсептебейм!",-дейт Кыргызстандагы Жаштар конгрессинин жетекчиси Нурсултан Кубанов билдирди. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:
"Министрлик карантинден кийин үй-бүлө куруу институту боюнча сабактарды мектептерге киргизиш керек! Мен бир айдын ичинде азык-түлүк таратып жүрүп, өзүм байкаган орчундуу маселерди көтөргүм келди. Бүгүн дагы 160 үй-бүлөгө азык-түлүк тараттык, жалпысынан жаңы конуштар болду, басымдуу бөлүгүн "Алтын казыкка" алып бардык. Күн сайын жөн эле азык-түлүк таратпастан, биз адамдар менен сүйлөшүп, алардын жашоосундагы окуяларды угуп, анализ кылып, ар түрдүү ойлор келди. Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү дейбиз, бирок жөпжөнөкөй үй-бүлө иститутун курууну үйрөнүшүбүз керек экен.
Алгачкы эле аялдарга болгон мамиле, эмне үчүн эркектер, 4-5 бала менен таштап кетесиңер? Жоопкерчилик деген каякта? Беш баланы таштаган эркектер, силерди эркек деп эсептебейм. Бизге кайрылгандардын 90% жалгыз бой энелер, баары эмес, бирок басымдуу бөлүгүнүн күйөөлөрү таштап кеткен. Анысы аз келгенсип, зордук-зомбулукка кабылып, айласы жок, балдары үчүн жашап жүрөм дегендер дагы аз эмес. Менин оюмча бул коомчулуктагы абдан орчундуу маселе. Бул маселелерди чечиш үчүн Билим берүү министрлиги карантин бүткөн сөң, дароо мектептерге үй-бүлө институтун куруу боюнча программаны сунуштап, мектептерде “үй-бүлө институту” деген сабактар өтүп башташ керек. Эгерде бул багытта реформаларды жүргүзбөсөк, келечекте чоң караңгылыкка алып келет.
Карантин баарыбызга чоң таасир берди, ушундай учурда биз реформаларды, бюрократияны азайтуу жана башка маселелер бар экенин моюнга алып, талкуулап, анан өкмөт чечкиндүү кадамдарды жасаш керек! Биз жакынкы арада бир нече мыйзам долбоорлорун жогорку кенешке депутаттар аркылуу сунуштап көрөлү деп жатабыз. Силер дагы кандай реформалар керек деп ойлойсуңар? Карантинде кандай орчундуу маселелерди байкадыңар? Оюңар менен бөлүшкүлө!",-деп сөзүн жыйынтыктаган жаш активист.
Булак: NazarNews.kg