www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев жакындарынын күнөөсү сот тарабынан далилденсе, мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопко тартылышы керектигин билдирди.
"Биз Казакстанда көп жылдардан бери мыйзамдуулукту куруп келебиз. Анын негизги принциби – мыйзам баарына бирдей. Эгерде менин бир туугандарым менин атымды пайдаланып, менин артымдан мыйзам бузуп кетсе, алар жооп бериши керек. Күнөөсү сотто далилдениши керек. Ар бир жаран укуктук жактан коргоого укуктуу экенин унутпашыбыз керек", - деди ал казакстандык саясат таануучу Данияр Ашымбаев менен болгон маегинде.
Ошондой эле Назарбаев Рахат Алиевдин окуясы боюнча да кошумчалап кетти.
"Ал менин кызымдын күйөөсү болчу. Мен үчүн дээрлик баладай эле, неберелеримдин атасы болчу. Бирок мунун баары анын мыйзамсыз аракеттерине мамлекет көз жумуп койгон жок. Ага Казакстандын сот органдары тарабынан айып тагылган. Бирок ал өмүрүнүн акырына чейин жашынууга үлгүрдү", - деп кошумчалады Казакстандын Биринчи Президенти.
Эске сала кетсек, 13-мартта Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Кайрат Сатибалдиули кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана «Казактелеком» ААКнын акчасын мыйзамсыз пайдаланган деген шек менен кармалган. Сатибалдиулинин мамлекеттик коопсуздукка шек келтирген башка кылмыштарга катыштыгы иликтенип жатат.
Булак: NazarNews.kg