www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта бардык тармактарда айлык акы көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты.
Журналист буга чейин мугалимдердин маянасы жогорулаганын эске салып, башка тармактарда эмгек акы качан көтөрүлөрүнө кызыккан.
Президент "соңку жылдары окуучулардын билим деңгээли абдан төмөндөп кеткенин, андыктан мугалимдерге жакшы шарт түзүп берип, сапатты жакшыртуу керектигин" айтты.
"Ал эми калган тармактардыкын 1-октябрдан тартып көтөрөбүз. Кыскасы, бул жылы эмгек акыбыз аз деген теманы жаап, эмдиги жылдан баштап бир гана экономиканы көтөрүү, элдин жыргал жашоосун камсыз кылуу менен алек бололу деген планыбыз бар", — деди Жапаров.
Эске салсак, 1-апрелден тарта мугалим, актер, китепканачы сыяктуу социалдык, маданият, саламаттык сактоо тармактарынын 309 миңге жакын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаган. Ага 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 миллиард сом бөлүнгөнү айтылган.
Булак: NazarNews.kg