www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын өлбөс эрдиги өзүнүн маанисин эч качан жоготпой турган ыйык мүнөзгө ээ. Бул жаркын майрамда чачын ак баскан ардагерлерибиздин алдында башыбызды төмөн ийип таазим кылабыз. Кандуу майдан талааларында Мекен үчүн каармандык менен жан берген жоокерлерди сыймык менен эскеребиз. Эмгек майданында жан үрөп иштеген тылдын эмгекчилерине да сый-урматыбызды көрсөтөбүз.
Улуу Жеңиш күнү Кыргызстан менен Казакстандын өткөнү менен учурун байланыштырган биздин элдердин ортосундагы достуктун эң бир жаркын символдорунун бири болуп саналат. Бүтүндөй адамзаттын тынч жашоосу үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун бардык азап-тозогунун өтүп, фашизмди жеңген чыныгы каармандардын элесин келечекте да жүрөгүбүздө түбөлүккө сактап каларыбызга терең ишенем», — деп айтылат телеграммада.
Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын согуш жана эмгек ардагерлерине Жеңишке кошкон салымы үчүн ыраазылык билдирүү менен эң жакшы каалоо-тилектерин жана жылуу сөздөрүн арнады, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өсүүнү тиледи.
Булак: NazarNews.org