www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-майда 18:00дөр чамасында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атышуунун натыйжасында 4 киши жабыркап, бир жарандын үйү өрттөнгөн.

Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын басма сөзү тажик басылмаларына төмөндөгүдөй маалымат берген:

"Чыр-чатактын себеби - Кыргызстандын жарандары Тажикстанга таандык болгон 4 гектар жерди өзүм билемдик менен басып алышты. Чыр-чатактын алдын алуунун ордуна, Кыргыз Республикасынын чек арачылары Тажикстандын куралсыз жарандарына ок чыгарган. Натыйжада, Тажикстандын жарандары 1983-жылы туулган Фозилов Фазлиддин жана 1971-жылы туулган Шарипов Айомиддин оор жаракат алган" - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусунун Чек аймагындагы 50 сотых жер тилкеси үчүн тургундар ортосунда пикир келишпестик орун алып, аталган жер тилкеси такталбаган аймакка кирээрин, бирок Кыргыз тарап бул участокту пайдаланып келгенин билдирген. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылганын маалымдаган.

“Окуянын курчуп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек арачылары асманга бир нече ирет ок чыгарышты. Абал турукташып, чек аранын аймагындагы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бирок бул учурда Тажикстандын чек арачылары Кыргыз тарапка күтүүсүздөн миномёттук ок чыгарышты", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Ал эми  чыр чыккан аймакта жашаган Алим аттуу кыргыз жараны: "Эгин сепкен жерди тажиктер биздин жерге үрөн септиңер деп жаңжал чыгарышты", - деп билдирди.

Эске салсак, Тажикстан менен Кыргызстандын чектешкен чек арасынын узундугу жалпы 970 чакырымды түзөт. Алардын ичинен 519 чакырымы макулдашылды, калганы талаштуу жер болуп саналат. Тактала элек жерлер негизинен Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен жерлеринде жайгашкан (Бобожон Гафуровский жана Исфара райондору). Аталган аймактарда суу, жайыт жана жер талаш-тартыштары көп кездешип, көбүнчө кан төгүү менен да коштолот. Чек араны бөлүштүрүү боюнча талаш-тартыштарда Тажикстан менен Кыргызстан Совет мезгилиндеги ар кайсы жылдардагы карталарды колдонушат.

Такталбаган аймактын чоңдугун- 451 чакырым экенин эске алганда эки элдин ортосундагы жаңжалдар токтошу күмөн жаратат. Ар кайсы учурларда чек ара аймагына өзгөчө макам берүү ж.б.у.с. маселелер кез-кезде, айрыкча чыр чыккан учурда көтөрүлгөнү менен андан майнап чыкпай келет. Чек арада жашаган мекендештерибиз оор шарттарда, кыргыз жерин коргоп, ээлеп жашаарын эске алып, үй куруп берүү жана башка жеңилдиктерди кароо зарылдыгы курч бойдон калууда.

Жаңжал учурундагы видеолорду жергиликтүү тургундар тартып алышкан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости