www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын ордуна Маулен Ашимбаев келди. Ал Казакстан парламентинин сенатынын спикери болуп дайындалды. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шайлоо бүгүн, 4-майда болуп, депутаттар Маулен Ашимбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошкон.

Маулен Ашимбаев 2019-жылдан бери Казакстан Республикасынын президентинин администрациясында жетекчинин орун басары болуп иштеп келген. Ал 49 жашта.

Эске сала кетсек, буга чейин сенаттын депутаты Дарига Назарбаеванын ыйгарым укугу токтотулган. Дарига Назарбаева 2016-жылы 13-чакырылыштагы парламент сенатынын депутаты болгон. Ал эми 2019-жылдын 20-мартынан бери Казакстан парламентинде сенаттын спикери кызматын ээлеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости