www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө көп аялды көпкөнчүлүктөн алып калышты. Мындай пикирди Нуржан Сакиева аттуу Facebook колдонуучусу жазып чыкты.

«Жоокерчилик убакта кыргыздар жесирлерди камкордукка алыш үчүн, анан кыргыздын санын көбөйтүш үчүн көп аял алуу жолун ыңгайлуу салтка айландырышкан!

Бүгүнкү күндө көп аялды көпкөнчүлүктөн алып калышты. Бүгүнкү коом жана социалдык абал аял жолдоштордун укугун көп аял алуу менен коргобой эле, тескерисинче укугун тебелегенге жол ача турган заманда жашап жатабыз! Азыр илгеркидей аялдар билимсиз эмес биринчиден!

Экинчиден коом өзү көп аял алып жашаганга муктаждык жараткан жок! Көп аялды алып коюп, таштап улам бирине кете бере турган сүннөт бүгүнкү күндө онунчу кылымга адамдардын мээсин жетелеп калды! Аял дагы, эркек дагы жаңылыштык кетирип жатканын билсе дагы «Сүннөт» деген түшүнүк менен ошондой жолго барып жатышат.

Кээ бир учурларда жашы жете элек эселектер алданып, баласын кучактап, чалсыз дагы калып жатышат! Бул аялдардын укугун жана келечегин талкалоо экендигин билсе дагы билмексенге салуу менен кайдыгерчиликке жол берүү болуп саналат.

Ал эми чиновниктердин көп аял алуусу акчага чиренгендик деп билсек болот.

Аялы туруп, аял алууга биздин коомчулукта расмий шарттар түзүлгөн эмес! Ал үчүн өлкө экономикасы дагы бул шартка жооп бериши керек. Аялдар балдары менен кошо чоң жөлөк пул менен корголушу керек. Эркек адам камкордукка ала алгыдай психологиялык жактан, социалдык жактан кубаттуу болушу керек.

Жакшы маяна же бизнес булактары бул коомчулук жактан коргоого алынуу болуп эсептелет. Ар бир эле эркек мындай мүмкүнчүлүккө ээ эмес! Андыктан алган көп аялын ар тараптуу шартта коргой албайт. Мындайча айтканда бага албайт. Андайда аялдардын биринин алдында биринин укугу тепселенет. Улуусу намысынан, артынан корунат!

Кичүүсү эртеңки келечеги туман болуп корунат. Бизде жаш кыздар улуу кишиге жыргайм деп тийип алышып, көп жакшы шанстарынан куру калган учурлар бар. Улуу эркектер болгон тапканын балдарына каттатып, өзү эле калган болот. Жаңы аялына шарт түзүүгө баягы учуру өтүп кетип, балдардын көзүн карап калган учуру болот. Бизде коомчулук ушундай! Ал эми Арабияда бардыгына шарттар түзүлгөн!», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости