www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМК: Кыргыз жараны Казакстанда кулчулукта кармалууда

Кыргызстандын жараны Казакстандын Караганда облусунда кулчулукта кармалууда. Бул тууралуу Казакстандын «Тенгриньюс» басылмасы Павлодар облусунун тургунуна шилтеме берүү менен билдирди.

Казакстандын жараны видео кайрылуу жасап, аны бир нече ай кулчулукта кармап келишкенин айтып чыккан. Өзүнүн билдирүүсүнө караганда, август айында Марат аттуу адамга жумушка орношкон. Бирок Железин районунда бир объектте иштегенден кийин эмгек акысын бербей коюшкан.

«Мен Мараттан айлыгымды сурасам, ал мени сабап салды. Андан кийин Карагандага экинчи объектке барып, иштедик. Эмгек акымды сурасам, кайра сабап салды. 21-сентябрда түштө качып кеттим. Марат уюлдук телефонумду тартып алган. Ошондой эле объектте документтерим, жеке буюмдарым калып калды. Ал жерде бригададагы 6 адамдын ичинен экөө калды. Бири — Кыргызстандын жараны. Иштеп, акча сурасак, беришпейт. Маал-маалы менен сабап турушат. Эмгек акымды алып берүүнү жана ур-токмокко алган адамга чара көрүп берүүнү суранам. Жардайм сурайм», - деп кайрылган Павлодардын тургуну.

«Тенгриньюс» басылмасы Караганда облусунун полициясы видеону көрүп, кайрылуу жасаган адамдын өздүгүн аныктаганын жазды. Учурда укук коргоо органдары видеодогу адамды издеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости