www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Фармкомпания дүйнө жүзү боюнча чоң мафия», - деди бүгүн, 27-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Туратбек Мадылбеков.

- УКМК фармкомпаниянын жетекчисин кармап, дарыларды жасалма кымбаттатканы боюнча маалымат таркатты. УКМКнын укугурунан корккон дары саткан компаниялар дарыларды арзандата баштайбы?

- Фармкомпания дүйнө жүзү боюнча чоң мафия. Булар өкмөт менен да биригип алып, айрым учурда кээ бир дарыларга жеңилдик алган учурлары бар. Бардык фармкомпаниялар бирдикте отуруп, өздөрү эле байып, менчик дарыканалардын санын көбөйтпөстөн, адамдардын жашоо турмушун эске алышып, дарыларды арзандатуунун жолун табышса болмок.

Анткени, карапайым адамдардын көп учурда дары алганга чамасы деле жетпей калат. Жакыр жашаган адамдардын дары сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетпегенден бул дүйнө менен коштошуп кеткен учурлары абдан көп.

Сыягы, бул маселеде бааларды көзөмөлдөгөн антимонополдук кызматтын да укуктары чектелүү. Ошондуктан дары-дармектин баасын көзөмөлдөгөнгө рычактары жетишсиз болуп, дарылардын баасын көзөмөлдөй албай жатышат.

Менин пикиримде мамлекет бюджеттен бир канча миллионду дары алууга бөлүшү керек. Жер жердеги маммүлктүн кармагындагы имараттарды мамлекеттик дарыкана ачып, бир фонд түзүп, ошол фонд аркылуу Казакстан, Россия, Индиядан дары чыгарган завод, фабрикалары менен келишим түзүп, дарыны чыккан баасында алып келүүнү колго алсак, шарты жок бирок, катуу ооруп жаткан адамдардын сообуна калат эле.

Тагыраагы, дарыларга заводон чыккан баасына 50 сом эле кошуп сатса, жакыр адамдардын да жетиштүү дарыланганга мүмкүнчүлүгү жаралмак. Мамлекет дарыны арзандатуунун ушул жолун колго алса, менчик дарыканаларга атаандаштык жаратып коймок. Менчик дарыканалар да айласы жок дарыларга 10 эсе кошпой, арзандата баштамак.

Министрлер кабинети бул сунушту колго алып, Жогорку Кеңеш мыйзам менен бекитип койсо жакшы болмок. Садыр Жапаров да карапайым элден чыккан жигит. Элге пайдасы тие турган сунуштарды колго алат деп ойлойм.

- Баса, бүгүн УКМК кармаган фармкомпаниянын жетекчиси эртең негиз жок эле камалдым деп чыкпайбы?

- Негиз, далил болгон үчүн кармашса керек да. Болбосо аны кармап, неге чуу кылышмак эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости