www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата Мекен-Эгемен» негизги оппозициялык коалиция болду. Бул тууралуу аталган партиялардын өкүлдөрү билдирди.

Маалыматка таянсак «TURAN» саясий партиясы саясий кеңештин чечими менен 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин шайлоосуна «Ата Мекен-Эгемен» коалициясына бирикти. Партия лидери Жеңиш Молдокматов жана Тилекмат Кудайбергенов саясий туткунда болгондуктан шайлоого катышпайт жана партиянын саясий кеңешинин чечиминин негизинде негизги оппозициялык чоң блокко айланды.

Буга чейин «Ата-Мекен», «Реформа» партиялары «Эгемен» демократиялык коалициясын түзүп, коомдук уюмдар жана саясий күчтөр менен катарын толуктаган. Бүгүн «TURAN» саясий партиясы бул коалицияга бирикти, - дейт маалыматта.

Баса, Кыргызстанда шайлоого карата партиялардын биригүүсү башталды. Кызыгы, Өмүрбек Текебаев, Батыштын шыпыргычы болуп, Кыргызстанда «мен эрге тийбейм», «чай куйбаймдардын» коргоочусу, кыргыз болгону менен Батыштын ырын ырдап, мыйзамын колдогон Клара Сооронкулова менен партиясын «баш коштурду». Ошондо эки партия өз калоосу менен баш коштубу же Батыштын буйругу мененби? – деген суроо жаралат.

Кыскасы, аз күндө «эркектер, эркектерге тийе бергиле» деген мыйзамдар жарыкка чыкпаса болду. Андыктан акчага алданбай шайлоочулар, ОЙГОНГУЛА акыркы 10 жылда Батыштын багыты менен мамлекет талкаланганы калды ОЙЛОНГУЛА!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости