www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиянын алдына парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон бир нече партиянын өкүлдөрү келишти.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова эл алдына чыгып сөз сүйлөдү. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы көрсөткөн БШКнын сайтындагы таблицадагы катачылык үчүн кечирим сурап, АСУ системасынын так иштөөсүнө кепилдик бере турганын белгиледи.
“Учурда биздин система так иштеп жатат. Азыркы чыгып жаткан добуштар алдын ала жыйынтык деп эсептелет жана юридикалык күчкө ээ эмес. Расмий жыйынтык кол менен саноодон кийин гана чыгарылат. Кол менен саноо иштери жүрүп, сайтка жарыяланып жатат. Эгерде участкалар боюнча арыздар болсо, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте округдук шайлоо комиссияларына берүүгө чакырам. Алардын ар бири каралып чыгат”, - дейт ал.
Шайлдабекова саясий партиялардын өкүлдөрүн добуштун жыйынтыгы көрсөткөн сайттагы катачылыкты бирге кароо үчүн БШКга чакырды.
Белгилей кетсек, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү.
Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.
Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышты.
Булак: NazarNews.kg