www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери КР ички иштер органдарынан кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда видео тараган, анда эки милиция кызматкери КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү коомдук коопсуздук камсыздоо боюнча кызмат өтөө учурунда Ысык-Атадагы шайлоо тилкелеринин бирине мас абалда келишкени тартылган.

Маалым болгондой, алар Ысык-Ата райондук милициясынын коомдук коопсуздук кызматынын эки кызматкери милициянын лейтенанты О.Т. жана милициянын прапорщиги Ш.А. болгон.

Аталган кызматкерлер медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Кант шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилип, анда спирт ичимдигин ичишкени тастыкталган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ИИМдин ички тартиптерин, РИИБнин кызматкеринин кесиптик этика кодексин одоно бузгандыгы, этика нормаларын бузгандыгы үчүн ички иштер органынын кызматкеринин жүрүм-турум эрежелери боюнча, Чүй облусунун ИИБнын буйругу менен Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери тең КР ички иштер органдарынан бошотулган. Мындан тышкары, Ысык-Ата РИИБнин жана Чүй облусунун ИИБнын бир катар жетекчилери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости