www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таблицадагы ката үчүн кечирим сурайм, деп билдирди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Бүгүн, 29-ноябрда БШКнын алдына парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү митингге чогулду. Шайлдабекова жана БШКнын мүчөлөрү алар менен жолугууга чыкты.

Шайлдабекова учурда добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн маалыматтык шайлоо системасы иштеп жатканын айтты.

«Бул алдын ала маалымат, юридикалык мааниге ээ эмес. Шайлоонун жыйынтыгы кол менен эсептөөдөн кийин чыгарылат. Азыр протоколдор келип жатат. Эгерде участоктордо арыздануулар болсо, арыздарды аймактык шайлоо комиссияларына берүүгө чакырам. Ар бир билдирүү каралып чыгат», - деди ал жана партиялардын өкүлдөрүн БШКнын имаратына кирүүгө чакырды.

Бирок чогулгандар анын сөзүн укпай, кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости