www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалымат жыйыны кийинкиге калтырылды. БШК өкүлү Авланбек Жумабаев жыйын түштөн кийинки убакытка жылдырылганын айтып, ал боюнча дагы кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Алдын ала жарыяланган программа боюнча, Шайлдабекова бүгүн саат 12:00дө шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрмөк.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter баракчасына добуш берүү бүткөндөн кийин БШК сайтынын иштебей калышы боюнча саат 11:00дө маалымат жыйын өтөөрүн жазган. Жаралган жагдай тууралуу Шайлдабекова түшүндүрмө бермек.
Белгилей кетсек, кечээ шайлооканалар жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Өз кезегинде БШК төрайымы бул боюнча жооп берген.
Булак: NazarNews.kg