www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозициячыл партиялар митингге чыга турганын жарыялады

Бүгүн, 29-ноябрь саат 14:00дө Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында шайлоо жыйынтыгын тааныбаган партия өкүлдөрүнүн нааразычылык акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу «Улуттар Биримдиги» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эржан Кайыпов Facebook баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алганы маалымдалган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен. Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сервердин бузулушу боюнча комментарий берген. Анын айтымында, алгач сайтка туура эмес программа жүктөлгөн.

Күтүүсүз кырдаал айрым партия өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратып, добуштар уурдалганын айтып чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости