www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Валюта рыногундагы кырдаал жеке мектептерде, жогорку окуу жайларда окугандарга да таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү бир жуманын аралыгында доллардын курсу 10 сомго кымбаттаганын эске салган.

"Валюта рыногундагы кырдаал жеке мектептерде, жогорку окуу жайларда окугандарга да таасирин тийгизүүдө. Айрымдары окуу акысынын келишимин доллар менен түзгөн. Ушундай көз боёмоочулукка чек коюш керек. Инфляциянын талаптарын эске алып окуу келишимин сом менен гана түзүү зарыл. Муну менен биз улуттук валютаны дагы коргойбуз, билим алган балдардын ата-энелеринин укуктарын да сактайбыз", — деди Кадырбеков.

Депутат Жарандык кодекстин 35-беренесинде "Кыргызстандын улуттук валютасы сом" деп жазылганын, билим берүү жөнүндө мыйзамдын 43-беренесинде билим берүү кызматын көрсөтүү улуттук валюта менен жүргүзүлүшү керек деп көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо мыйзамынын 9-беренесинде кызмат көрсөтүүлөр, тарифтер, баалар сом менен гана жүргүзүлөрү каралганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости