www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин депуттары кезектеги жыйынга чогулду. Анда эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков ооруканаларды мамлекеттик тилде «оорукана» эмес, «шыпаакана» деп атоону сунуштады.

Муну Кадырбеков парламенттин жыйынына сейрек катышкан Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылып жатып билдирди.

«Лингвистикалык жактан бул туура болмок. Сөздүн да өзүнүн мааниси, энергетикасы бар, оорулуулар көбөйгөндөн көбөйүп бара жатат. Мен чындап эле айтып жатам. Ойлонуп көрсөңүздөр», - деди Кадырбеков.

Ал эми буга Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «оорукана» деген сөз жарандарга көбүрөөк тааныш экенин айтып, бирок Кадырбековдун сунушу боюнча да ойлонууга убада кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости