www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 282,1 млрд сом өлчөмүндө каралууда.

Номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2021-жылдын бекитилген бюджетине карата 63,2%га же 109,2 млрд сомго көбөйгөн.

2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 295,8 млрд сомду жана 312,2 млрд сомду түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 291,2 миллиард сом өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109,9 миллиард сомго көп. 2023-2024-жылдар аралыгында Республикалык бюджеттин чыгашасы тиешелүүлүгүнө жараша 303,5 миллиард сомду жана 303,8 миллиард сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын эске алуу менен 2022-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд сомду же ИДПга карата 0,8%ды түзөт.

Мында 2023-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 7,7 млрд сом же ИДПга карата 1,0% деңгээлинде болжолдонууда. Бирок 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 8,3 миллиард сом деп болжолдонууда.

Ошону менен бирге өлкөнүн бардык мамлекеттик башкаруу секторун камтыган 2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 403,9 млрд сом деңгээлинде болжолдонуп жатканын белгилей кетүү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости