www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абактагы Гүлзат Мамытбек кайрадан ачкачылык жарыялады

Абактагы Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) жана анын жанындагы 6 аял киши ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору билдирди.

Алар №21 жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери аёосуз мамиле жасап жатышканына жана абактагы шарттарга нааразы экенин билдиришкен.

Гүлзат Мамытбек Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна арыз менен кайрылган. Арыз прокуратурага жөнөтүлдү.

Гүлзат Мамытбек өткөн жылы 25-октябрда кармалган. Ал алдамчылыкка шектелүүдө.

Гүлзат Мамытбек 14-ноябрда да ачкачылык жарыялап, 23-ноябрда ачкачылыгын токтоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости