www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн бир тууган агасынын баласы Данияр Бөлтүрүков алтын куймалары менен түшкөн сүрөтүнө байланыштуу түшүндүрмө берди. Ал 19-январда маалымат жыйында сүрөт мындан тогуз жыл мурда тартылганын айтып, анын азыр тарап жатканын каралоо деп атады.

Ал тоо-кен тармагында билим алганын, алгач "Макмалда", андан кийин 2010-жылы "Кумтөргө" жумушка кирип беш жыл иштегенин билдирди. Сүрөттү ошол убакта кенге журналисттер экскурсияга келген маалда "алтын бөлмөсүндө" Павел аттуу кабарчы тартып алганын айтты. Бөлтүрүков аны "Инстаграмга" катталганда сакталып турсун деген ойдо жайгаштырып койгонун билдирди. Ошондой эле ал тайкелеринин үйүндө чоңойгонун, атасынын иниси менен учурда жакын мамиледе эмес экенин кошумчалады.

Өткөн аптада социалдык тармактарда Данияр Бөлтүрүковдун тизилген алтын куймалары менен түшкөн сүрөтү жарыяланган жана буга байланыштуу талаш-талкуу чыккан. Кумтөрдүн алтындары "Тенгиз Бөлтүрүктүн үйүндө сакталат" деген мазмундагы сөздөр айтылган.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган жана Тенгиз Бөлтүрүк убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

Министрлер кабинети 18-январда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдагы иши тууралуу отчетун жактырылганын кабарлады.

Отчётко ылайык, былтыр 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөн. Ишкана жыл башынан бери салык жана милдеттүү төлөмдөргө 13,6 миллиард сом которгон. Мындан улам төлөм 150% көбөйгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости