www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай коронавирус пандемиясына байланыштуу Бээжиндеги 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндары үчүн кеңири коомчулукка билет сатуусун токтотту. Бул тууралуу оюндун уюштуруучулары кабарлады.

Мунун ордуна вирустун алдын алуу боюнча катаал чараларды аткарууга милдеттеме алган көрүүчүлөрдүн тандалма тобу гана оюнга чакырылат. Бээжин чет өлкөлүк сүрөөнчүлөр Олимпиадага киргизилбей турганын жарыялаган. Оюндар 4-февралда башталат.

Спортчулар жана оюндун башка катышуучулары спорт объектилеринде, жашаган жерлеринде жана транспорттордо медициналык тартип чараларын катуу сакташы керек.

Кытай – “нөлүнчү COVID” (ред. “нулевой COVID” – вирусту алгач жуктурган деген мааниде) стратегиясын карманган өлкөлөрдүн бири. Бул кайсы бир жерде вирустун түрү бир эле адамда пайда болсо, бүтүндөй шаарларды жаап салат дегенди түшүндүрөт.

Кытайда “омикрон” декабрдын ортолорунда табылган. 15-январда анын өтө жугуштуу түрү аныкталган.

Өтө тез жайылганы менен айырмалануучу «омикрон» штаммы алгач былтыр ноябрда Түштүк Африкада аныкталган, ошондон бери ондогон өлкөлөргө тарады. Кыргызстанда да бул штамм катталганы 12-январда белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости