www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда "омикрон" штаммы бүт өлкөгө тарады, мекемелерди жана мектептерди жабуу менен аны токтото албайбыз. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Коронавирусту ооздуктоо боюнча республикалык штабдын жетекчиси Эдил Байсалов парламентте билдирди.

Анын айтымында, жакында алгоритмдер өзгөртүлүп, ПЦР-тест алуу токтотулуп, бир-эки баладан COVID аныкталса мектептер жабылбайт.

"Бүгүнкү күндө "омикрон" штаммы ар бир үй-бүлөгө, коомго, класска, жамаатка жетти. Бул боюнча бир канча алгоритмдерди өзгөрттүк. Азыр адистер ПРЦ-тест алуунун дагы кажети жок деп жатат. Чет өлкөлөр ушундай тажрыйба колдонуп жатыптыр. Сасык тумоолоп, жөтөлүп, дене табы көтөрүлө турган болсо ПРЦ-тест албастан эле коронавирус жуктурду деп эсептеш керек. Ушул жумада Республикалык штабда мурдагы алгоритм боюнча буйруктар өзгөртүлөт. Учурда биз тараптан саясий чечимдер кабыл алынды", — деди Байсалов.

Аны менен катар ал оору жайылып кеткендиктен мектептерди жапкан менен да пайда жок экенин белгиледи.

"Мурда "тест негативдүү чыкты, меники сасык тумоо экен" деп жайылтып жиберишкен. Биз азыр дагы суранабыз, сасык тумоолоп, жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп жатса эч жерге барбай, ПЦР-тест тапшырбай обочолонуп дарыланыңыздар", — деди аткаминер.

Ошондой эле ал ДССУ дагы мектептерди жабуу эң акыркы кадам болушу керектигин сунуштаганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости