www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пентагон былтыр августта ооган учкучтары Тажикстан менен Өзбекстанга минип барып таштаган Ооганстандын мурдагы армиясына таандык тик учмалар талибдерге кайтарылып берилбей турганын билдирди.

"Ташкен менен Душанбе бул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Бирок алар тик учмаларды кийин талибдер колдонсун деп Ооганстанга жөнөтпөйт деп ойлойм", — деди Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби 18-январдагы брифингде.

Ошол эле маалда ал тик учмалар кандай колдонулат же каякка жөнөтүлөт деген маселенин айланасында талкуу уланып жатканын кошумчалады.

Буга чейин "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Душанбе менен Ташкенди бир нече жолу аталган тик учмаларды Ооганстанга кайтарып берүүгө чакырган. Өткөн жумада Ооганстандын коргоо министринин милдетин аткарып жаткан Мавлави Мухаммад Якуб ооган авиациясынын машыгуусу маалында Өзбекстан менен Тажикстан "оогандыктардын чыдамын сынабашы керек экенин" билдирген.

"Биздин учактар бизге кайтарылышы керек. Учактарыбыздын чет өлкөдө пайдаланылышына эч качан жол бербейбиз", - деген ал.

Коргоо министрлигинин башчысы "эгер учактар кайтарылбаса, жаман кесепеттер болоорун" кошумчалап, бирок кандай кесепеттер жөнүндө сөз болуп жатканын тактап айткан эмес.

Мындай билдирүүлөргө Тажикстан да, Өзбекстан дагы расмий жооп берген эмес. Бирок айрым басылмалар бул өлкөлөрдөгү эксперттердин пикирине таянып, талибдердин өкмөтүн бир да өлкө тааный элек болгондуктан, алардын мындай талабы мыйзамсыз жана маанисиз экенин жазган.

Январдын башында Reuters агенттиги Өзбекстан менен Тажикстандын өлкө аймагына кирген айрым аскердик учактар менен тик учмаларды Ооганстанга кайтарып берүү ниети жок экенин кабарлаган. Агенттиктин маалыматына караганда, бул эки өлкө тең АКШга кайрылып, учактардын бир бөлүгүн алып калууга уруксат берүүсүн талап кылган.

"Талибан" өкмөтү мурдагы ооган өкмөтү кулагандан кийин ондогон тик учма менен учактар коңшу өлкөлөргө өтүп кеткенин билдирүүдө. Тажикстан менен Өзбекстандын бийлиги 2021-жылы алардын аймагына ооган учкучтары менен аскерлери учуп келгенин ырастап, бирок толук маалымат берген эмес.

Өзбекстан менен Тажикстанга өтүп кеткен тик учмалардын көбүн Ооганстандын куралдуу күчтөрүнө АКШ берген. Өзбекстандагы тик учмалардын үчөө бул өлкөгө качып барган президент Ашраф Гани менен барганы айтылып келет. Калган учактарды ким жана кандай шартта алып кеткени белгисиз. Былтыр августтун ортосунда Тажикстанга ондогон ооган учкучтары үй-бүлөлөрү менен качып барып, Душанбенин четиндеги санаторийлердин биринде үч айга жакын жашаган. Ноябрдын башында алар Душанбеден Бириккен Араб Эмираттарына кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости