www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йоркто эркек киши мясник бычагы менен балдарга кол салган, жабыркагандардын бычактан алган жаракаттары бар экенин New York Post басылмасы расмий булактарга таянып жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, жекшемби күнү полицияга 11 жаштагы кыз чалып, бөлмөгө бекинип алганын жана анын таякеси өзүнө, бир туугандарына кол салганын билдирген.

"Үйгө киргенде, полиция кызматкерлери эшиктин жанында турган, колунда каны тамган чоң мясник бычагы бар эркек кишини көрүшкөн. Полдун үстүндө да кан болгон", – деп билдирди Нью-Йорктун полиция комиссары Джессика Тиш.

Анын айтымында, полиция кызматкерлери бир нече жолу шектүүгө куралын таштоону талап кылышкан, бирок ал баш тарткан жана алардын багытында жүрүш жасап, андан соң полиция ага жети жолу ок аткан. 49 жаштагы шектүү азыр ооруканада, абалы өтө оор.

Полиция комиссарынын маалыматына ылайык, 16, 13, 11 жана 8 жаштагы төрт кыз оор жаракат алган жана алар дароо ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдиришкен. Окуя болгон учурда үйдө дагы бир эркек бала болгон, бирок ал качып чыгып, жардам чакырууга жетишкен.

Учурда полиция шектүүнүн кылмыш кылуу себептерин иликтөөдө.

Последние новости