www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек жана Ош шаарында, Чүй, Жалал Абад, Баткен, Нарын, Талас, Ысык Көл, Ош областында областында обсервация борборлору иштеп жатат. Мына ушул обсервациялык борборлорду толугу менен көзөмөлгө алуу, ал тарапта коомдук тартип сактоо ички иштер органдарынын кызматкерлерине жүктөлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Биринчиден, ошол обсервация борборлорунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери толугу менен санитардык-карантиндик жана эпидемиологиялык эрежелерди толук сактоо менен коргонуучу атайын кийимдер, жана коргонуучу санитардык каражаттар менен жабдылган. Алар обсервацияда жаткандар менен эч кандай байланышка же контактка барышпайт.

Күнү-түнү сыртындагы коопсуздук маселеси, эч кимге тартип бузууга жол берилбестиги, кандайдыр бир коопсуздук маселеси жарала турган болсо аны ыкчам чечим кабыл алып, дарыгерлерге жардам көрсөтүү ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Обсервациялык борборлордун ички дарылоо процесстерине кийлигишпейт, имараттардын ичине киришпейт, обсервациянын ички процесстери толугу менен медициналык кызматкерлер тарабынан тейленет жана көзөмөлгө алынат.

Экинчиден, обсервация борборлорунда посттордо турган милиция кызматкерлери күзөт мөнөтү аяктап, күзөт кезегин экинчи милиция тобуна өткөргөн соң медициналык кызматкерлер тарабынан санитардык-карантиндик кароолордон сөссүз түрдө өтөт жана жеке-гигиеналык маселеде, ден-соолукту сактоо маселесинде медицина кызматкерлеринин талаптарын толугу менен аткарышат.

Үчүнчүдөн, Андан сырткары, кошумчалап белгилеп кетели, өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаал киргизилген аймактардагы бардык санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттордо, өзгөчө абал киргизилген блокпосттордо кызмат  өтөп күзөттө турган кызматкерлер атайын жеке коргоонуучу атайын кийимдер, атайын коргоонучу каражаттар менен жабдылган.  Алар посттордо жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалдын талаптарын жеткизишип, аларды мыйзамдын талаптарын бузбоого чакырышып, зарыл иштери болбосо үйлөрүндө калууларын суранышып, айрым учурларда маалыматтык негизде жардамдарын беришүүдө. 

Урматтуу биздин мамлекеттин жарандары өлкөбүздүн коопсуздугу, өзүбүздүн коопсуздугубуз, өзүбүздүн колубузда экендигин эске алуу менен бекем тартипти сактоого чакырабыз. Ар бирибиз  обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз  так жана туура сактоого милдеттүү экендигибизди унутпайлы. Ар бир тартип бузуунун аркасында –мыйзам чегинде  жоопкерчилик деген бар.

Ошол себептүү ар бир Кыргызстандык, ар бирибиз ушундай өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал  учурунда жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек - бул ар бирибиздин - Ата Журтубуздун алдындагы парзыбыз жана милдетибиз экендигин таразалап туура түшүнөсүңөр деген ишеничтебиз", -деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости