www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Сауд Арабиядан келген 142 киши обсервацияда жатат. Алардын облус боюнча саны: Баткенде- 8, Жалал-Абадда- 48, Ошто- 64, Чүйдө- 4, Нарында- 1, Ысык-Көлдө-1, Бишкекте- 19 киши обсервацияга алынган.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри маалымдап: “Бул кишилерден коронавирус аныкталган эмес, байкоодо гана турат. Алар учакта коронавирус жуктурган 3 киши менен чогуу учуп келгендиктен, карантинде турат.
Анын ичинен бешөөсү ооруканада жатып дарыланып жатышат”,-деп билдирип, аларда коронавирус жоктугун баса белгиледи. Алар чек арадан келишкендиктен аз дегенде 14 күн карантинде турушу керектигин кабарлады.
Оорукананын шартына нараазы болгондор тууралуу: “Бизге коронавирус катталганы тууралуу маалымат 17-мартта саат 7лерде белгилүү болду. Колубуздагы тизме менен ыкчам түрдө элди убактылуу изоляцияга жаткырдык. Алар сабырсыздык кылып, фейк маалыматтарды таратып жиберишти. Бүгүн алар татынакай шарттагы мейманканага жаткырылды”,-деп айтып, “Кыргызстанда согуш болуп жаткан жок. Бул-инфекциялык оору. Таралуу жана өлүмү жогору болгон оорулардын ичинен төмөнкү орунда турат. Бул илдет бизде жаңы катталып жатканы үчүн ажиотаж болууда.
Биздин негизги милдет- эң биринчи аларды изоляцияга алуу болчу. Аны биз аткардык. Башкача айтканда, 24 сааттын ичинде Кыргызстанга кирип кеткен 142 кишини таптык. Бул чоң жумуш. Медициналык кызматкерлер, укук коргоо органдары күнү-түнү уктабай, болгон күчүбүздү жумшадык”,-деп элди сабырдуулукка жана жардам берүүгө чакырды.
Булак: NazarNews.kg