www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өгөй атам зордуктоого аракет кылды

Саламатсыздарбы? Мен кеңеш сурайын деп жазып жатам. Жашым 22де. Жакында бир окуя болду. Өгөй атам мени зордуктоого аракет кылды жана мен аны менен кармаша кеттим. Андан кийин мени алып кетүүсүн айтып, жигитимди чакырдым. Ал келгенде өгөй атам мени союп салууга аракет кылып коркутту. Анын колунда чоң кайчы бар эле, жигитим бизди ажыратып, 102ге чалды. Бирок, эч ким келген жок.

Биз өзүбүз милицияга барып, арыз жаздык. Соттук-медициналык экспертизадан өттүм, ооруканага жатышым керек болду. Бирок, мен иштегендиктен, ооруканага жата алган жокмун.

Кийин ал дагы арыз жазганы белгилүү болду. Эми анын арызы каралып жатат, меники болсо, каралган жок. Буга себеп анын жээни прокуратурада иштеп жатканында болуп жатат.

Эми кайда кайрыларымды билбей калдым. Эгер сенин таасирдүү тааныштарың болбосо, бизде коргоо жок болуп калабы? Мени күнөөлүү кылып койбош үчүн мен анын астына жатышым керекпи? Тергөөчү “эми өлтүрңп салган жок да” деп айтты. Айтыңыздарчы сураныч кайда кайрылсам болот?

Мен өзүмдү жоготуп бара жатам, эмне кылышты билбейм. Апам анын тарабына өтүп кетти, бирок буга чейин ушундай окуя болгон жана баңгизат колдонуп, мени жана менин эжемди зордуктоого аракет кылган. Ошондой эле, өз агасынын кызын зордуктоого аз калган.

Алар бул окуядан кийин сүйлөшпөй калышкан. Мен ага мындан ары менин апам эмес экенин айттым. Мен таптакыр жалгыз калдым. Жакшы юристтер барбы? Мен болгону адилеттүүлүккө жетким келет. Эгер бул маалымат менен бөлүшсөңүз, ыраазы болом, рахмат.

Булак: "chabarman.kg"

Последние новости