www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өгөй атасы тарабынан зордукталган өспүрүм кыздын жакындары бүгүн, 6-мартта АКИпресс-Ошто маалымат жыйынга чогулуп, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту. Алар өспүрүм кызды 2012-жылдан бери зордуктап жүргөн өгөй атага жаза мөөнөтү аз берилип калганына нааразы.

2001-жылы төрөлгөн жабырлануучу кыз 2017-жылдын октябрь айында көз жарган.

Өзгөн райондук сотунун 2018-жылдын 27-февралындагы өкүмү менен шектүү 15 жылга эркинен ажыратылды. Ага макул болбогон жабырлануучу тарап Ош облустук сотуна даттанышкан.

Жабырлануучу кыздын апасынын бир тууганы Зулфия Токтосонбаева өгөй ата кызды 11 жашынан бери зордуктап, 5 жыл бою жыныстык катнашта болуп жүргөнүн айтты.

«Кыз 2012-жылы өгөй атасы тарабынан зордукталган. Ошондон бери өгөй атасы пайдаланып жүрүптүр. Биз боюнда бар убагында билдик. Кыз 5-класстан кийин мектепте окуган эмес. Анын келечеги тууралуу эч ким ойлонгон жок. Ошол жылдан бери өгөй атасы менен жүрдү. Кызды зордуктагандан кийин сабап, эч кимге айтпоону талап кылыптыр. Кыздын абалы азыр деле оор. Өгөй атасы күнөөсүн тергөөдө мойнуна алган. Ал эми Өзгөн райондук соту болгону 15 жылга эркинен ажыратты. Ага бул жаза аздык кылат.

Эмне үчүн соттор кайдыгер карашат? Айдай кыздын тагдыры талкаланды. Күйөөсүнө кошуп эжемди соттоп жиберсе деле ыраазымын. Жаш кыздын келечегин эмне үчүн ойлошпойт? Күбөлөр айтып турса да судья 15 жылга гана соттоп койду. Мындай кылмышкерлер өмүр бою эркинен ажырашы керек.

Кызыбыз өксүп жүрөт. Ичинде көп арман, көп сыры бар. Оорулуу да болуп калды. Буга чейин эки жолу өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Акыркы 6 айдан бери көзөмөлдөп, өзүбүз карап жатабыз.

Судьялардан жаш кызды зордуктаган адамга жетиштүү өкүм чыгарып берүүнү суранабыз. Аны кургак учук менен ооруйт деген жалган шылтоо менен камактан чыгаруу аракетин кылып жатышат. Мен Өзгөн райондук сотуна нааразымын», - деди ал.

Маалымат жыйындын катышуучулары өлкө башчыдан, Жогорку соттон жана Башкы прокуратурадан бул ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүштү.

Кыздын өз атасы оорудан улам каза болгон. Апасы 6 баласы менен айыпталып жаткан кишиге 2010-жылы турмушка чыгып, экөө бир балалуу болушкан. Ал эми айыпталуучу 2017-жылдын 30-августунан бери камакта, - деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости