www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ойт бермелердин күнү тууду

Турмушта не деген өзгөрүүлөр, өсүүлөр болбойт дейсиң? Саясаттын кан басымын текшерип турууга жөндөмдүү атайын “чыгаан” топтогулар бар шүдүңдөп, кыбыңдап, кээде ырылдап жүргөн. Ушулар дайыма кайсыл бийлик келбесин запкы жегендерди шынаарлап калышат десең. Мунун эмне жашыруун сыры бар дегендерге түз эле жооп берели. Анткени алар кол жоорутуп, бел оорутуп иштегиси келбейт. Жалаң гана “ураандарды” же камалган саясатчылардын портреттерин көтөрүп алып ак үйдүн, болбосо соттордун алдына келип шоу-тамашаларын өткөрүүгө сапар алышат. Оокат кылуунун ушундай ыңгайлуу жолун таап алгандарга дайыма суроо-талап бар деп койсок аша чапкан болбойбуз.

Учурда алар кеткен президенттин “уюгуна” дүрбүсүн түздөп жаткан кези. Кашек жеп жүргөндөр көк майсанды бурдаганга эки көзү төрт. Аларга кайсыл көчтүн “заттары” экени кызыктырбайт. Эң ириде каражаты калыңдыгына баа беришет. Кызуу масилет кургандар мындан ары Атамбаевдин жан-жөөкөрлөрүнүн талабын талашып чыга башташса таң калуунун кереги жок. Себеби, бир эчкигеби, же жалгыз тооккобу курсагын кампайтууга жем ташталышы кажет. Болбосо көзү алачакмак болуп жыгылып калат. Ошондуктан кези келсе чүйгүн эттен ашагысы келгендер мурдагы ажонун кеңешчи, таңашчыларына аркан ыргытып жатканы боюнча кеп кетти. Бирдемке дешсе: - “Биз дайыма күрөшүп жаткандардын алдында калгандарына көмөк көрсөтөбүз, антпесек демократияга шек кетип калат”- деген жообу даяр. Айтор, жел жүргөн жактын колдоочуларынын кулактары күнү-түнү иштеп жатат чиркин! Заң басып кеткен сайттар, басылмалар кыймылга келди бирдемкени үмүт этип...

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости