www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ойлонбой сүйлөгөн, онтобогон ооруга чалдыгат

Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев 28-январда Мамлекеттик курулуш агенттигиндеги кызматкерлердин айлыгы боюнча талкууну парламенттин күн тартибине чыгарууну талап кылды.

Депутат 500 миң сомдук маяна тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин билдирүүсүн тактоо зарылдыгын белгилеп, маселени тармактык комитетте жана жалпы жыйында кароону сунуштады.

Түмөнбаевдин айтымында, мугалимдер жана медиктер 30 миң сом айлык алып жаткан учурда министрликтин кызматкерлеринин 500 миң сом алганы коомчулукта суроо жаратууда. Ошондой эле депутат курулуш тармагындагы кошумча төлөмдөрдүн курулуш компанияларга жана карапайым элге жүк болуп жатканын кошумчалады.

Спикер Нурлан Тургунбек уулу да депутаттын маселени көтөрүшүн колдоп, кийинки жумада профилдик комитетте талкуулоо тапшырмасын берди. Ал министрликтин өз алдынча тарифтерди коюшу курулуш компанияларына кыйынчылык жаратканын белгилеп, тарифтерди Министрлер кабинети же парламент карашы керек экенин айтты.

Последние новости