www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты насыялык маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жана финансылык инклюзияны өнүктүрүү, жарандардын жана ишкерлердин насыялык ресурстарга жетүү мүмкүндүгү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Тагыраагы, мыйзам долбоорунун милдети насыялык маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүн кыскартуу болуп саналат, бул зайымчылардын насыяларга жетүүсүн жеңилдетүүгө, банк системасына жүктөмдү азайтууга жана чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө дем берүүгө мүмкүндүк берет.

Талкуу маалында депутат Гүлшаркан Култаева жаштардын, студенттердин төлөө жөндөмдүүлүгүн жана киреше булактарын эске албай, онлайн түрдө микрокредиттерди жана башка насыялык продукттарды берүүгө чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, мындай учурлар жаштарды карыз тузагына кептеп, алардын келечегине терс таасирин тийгизип жатканын жүйө келтирди. 

Ал эми депутат Кубанычбек Самаков насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыгып: «Банктар эл аралык каржы институттарынан каражаттарды 1-1,5% менен алышат, бирок ал каражат жарандарга жеткенде насыянын пайызы 15-20%га чейин өсүп кетүүдө», – деди.

Муну менен катар депутат Токтобүбү Ашымбаева терс насыялык тарыхты сактоо мөөнөтүн кыскартууну сунуштап, бул кредиттик инструменттерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Баяндамачы мыйзам долбоорунда бул мөөнөттү 5 жылдан 3 жылга кыскартуу сунушталып жатканын маалымдады.

Депутат Ырысбек Атажановдун суроосуна жооп берип жатып Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров насыялардын 20% АКШ долларында, ал эми 80% улуттук валютада берилгенин кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Последние новости