www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нирджи Бханот 1963-жылы 7-сентябрда Индиянын Чандигарх шаарында жарык дүйнөгө келген. Нирджа “Ыйык жүрөк” орто мектебин аяктаган соң, Мумбайда билимин уланткан. Бир убактарда моделдик жаатта эмгектенип, 16 жашында бир нече белгилүү бренддердин жүзү болгонго жетишкен.

1986-жылдын март айында Нирджаны ата-энелер макулдашуусу менен күйөөгө узаткан. Бирок, күйөөсү берилген калыңына нааразы болуп, бир нече жумадан кийин Нирджаны төркүнүнө кайрадан жеткирип берген. Ажырашкан соң, Нирджа өз бактысын дагы бир ирет сынап, "Стюардесса" болуп иштөөнү көздөп, "Pan America" авия компаниясына ишке орношот. Өзүн мыкты ишкер катары көрсөтө алгандыгынан улам, көп узабай ага “Башкы стюардесса” наамы берилет.

Күндөрдүн биринде Нирджа адаттагыдай эле жумушка киришип, “PA 73” каттамына башкы стюардесса болгон. Ал учак Мумбайдан Пакистандын Карачи шаарына конуп, андан ары  Франкфуртка, ал жактан кайра сапар улай Нью-Йоркко баш бакмак. Учак Карачи шаарына 05:00 убакыт чамасында конгондо 4 курал-жарак көтөргөн террористер учакты басып алган. Учакта эки учак айдоочусу жана учак инженери болгон. Кооптондуруу белгилерин Нирджи өз убагында бергендиктен, алар качууга үлгүргөн. Ал эми, Нирджа башкы стюардесса болгондуктан, учакты башкарууну өз мойнуна алган. Террористтер Абу Нидал уямунан болгон жана алар “Мен америкалыкмын” дегендердин баарын аткан. Андан кийин америкалыктарды табуу үчүн, Нирджа Бханотко бүт жүргүнчүлөрдүн паспортторун чогултууга буйрук берген. Нирджи 19 америкалык жүргүнчүлөрдүн паспортторун жашырган.

17 сааттан кийин, террористер ок ата баштаган. Ошол заматта Нирджа коопсуздук эшигин ачып, элдерди коё берип, бир топ элдин өмүрүн аман алып калган. Андан соң, окко өзүнүн төшүн тосуп, үч жаш баланын өмүрүн сактап калды. Азыркы убакта ошол балдардын бири, учак айдоочусу болуп эмгектенет. 
Нирджи Бханотко “Ашок Чакра”  наамы, жана башка көптөгөн сыйлыктар ыйгарылып, каза болгонуна карабай, “Баатыр” деген титул берилген. Ал бул жарыкчылыкта бар болгону 22 жыл гана жашады. Анын акыркы күнү 1986-жылдын, 5-сентябры болду.

Нирджи Бханот  тууралуу кыскача эскермелер:
Нирджа бүтүн үй-бүлөнүн сүйүктүү кызы эле. Үй-бүлөдө аны мээрим менен эркелетишип, “Ладо” деп атап коюшкан. Ал Чандигарда туулуп-өсүп, кийинчерээк ата-энесинин чечими менен Мумбайга көчүп келишкен;

Анын атасы Хариш Бханот убагында журналист болгон. Бул тармакта туура 30 жыл эмгектенген. Ал 2008-жылдын 1-январында, 86 жаш курагында курман болгон;

Нирджа бала курагынан тарта моделдик кесипти аркалаган. Ал бир нече жарнамалардын жана бренддердин жүзү болууга жетишкен;

21 жаш курагында турмушка чыгып, тилекке каршы эки айдан соң, жолдошу экөө эки ажырым жолго түшүшкөн; 

Ал өзүнүн туулган күнүнө болгону эки күн калганда дүйнө салды. “Биз анын 23 жаш курагын белгилөөгө катуу даярданып жатканбыз” дейт бул туурасында анын күйүткө баткан атасы; 

Анын урматына Мумбай шаарынын эс алуу аянтына анын ысымы ыйгарылган; 

2004-жылдан тарта Индия почта кызматы анын атынан кызмат кыла баштаган. 

259 адамдын өмүрүн сактап, "Үч жаш баланы коргойм" деп, окко төшүн тосуп, ажалга моюн сунган Нирджа Бханоттун өмүр таржымалын чагылдырган "Нирджа" тасмасы тартылган. Бул тасма тарыхый тасмалардын катарын толуктай алды.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости