www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 15-майга чейинки Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан аба ырайынын болжолу тууралуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

11-майда жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт.

13-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-майда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт. 14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

15-майда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт. 13-майда күндүз жана 14-15-майда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

11-13-майда жана 14-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

15-майда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-майда күндүз 14 метрге жетиши мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

11-майда жана 12-майда түнкүсүн жаан жаабайт.

12-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

13-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-майда күндүз жана 14-майда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-майда күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. 13-майда күндүз жана 14-15-майда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ысык-Көл облусу

11-майда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт.

13-майда жана 14-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

15-майда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-15-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарлары

11-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

11-майда күндүз, 12-14-майда жана 15-майда түнкүсүн жаан жаабайт.

15-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 11-майда жана 15-майда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

11-майда жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

13-майда жана 14-майда түнкүсүн жаан жаабайт.

14-майда күндүз кээ бир райондордо, 15-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-майда күндүз жана 14-15-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Булак: NazarNews.org

Последние новости