www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 11 ай ичинде республика боюнча 2425 өрт кырсыгы катталып өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 33,8 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн себептери электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, мештерди убагында тазаланбагандыкткан, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыккан.
Ал эми өрттүн басымдуулугу турак жай секторунда катталган. Статистиканы карасак, өрттүн кесепетинен 29 адам каза таап, 24 адам жабыркаган. Тилсиз жоодон 103 адам куткарылып, 4 млрд. 779 млн. 511 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1571 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 64,8 % түзгөн. Өрттөрдүн негизги себептери - электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 37,6%; - мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 9,0%; - отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 22,3%; - балдардын от менен ойноосунан – 8,9%, өрт кырсыгы болду.
Көпчүлүгү Бишкек шаарында – 362 өрт; - Чүй облусунда - 648; - Ош облусунда - 331; - Жалал-Абад облусунда - 365 болгон. Ал эми Ысык-Көл облусунда - 251; - Нарын облусунда - 113; - Талас облусунда - 117; - Ош шаарында - 78; - Баткен облусунда 160 өрт катталган.
Булак: NazarNews.kg