www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ:

28-июнда өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

"28-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 14…19°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 19…24°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 3…8°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0 …-5° суук, күндүз 1…6° жылуу болушу күтүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости