www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 9 ай ичинде Нарын облусу боюнча өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 8,9 пайызга азайган. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 9 ай ичинде Нарын облусунун аймагында 71 өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 9 ай ичинде 78 өрт кырсыгы катталган) өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 7 өрткө азайган.

Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 4 миллион 670 миң сомдон ашык түздү. Өрттөн 42 млн. 852 мин сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

– Атайын өрттөө -8,5%,

– Балдардын от менен ойноосунан -33,3%, өрт кырсыгы болду.

– Өрттүн жалпы санынан -26,6% турак жай секторунда болгон.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп 1 млн. 219 мин 089 сомдук материалдык чыгымды түзгөн.

2020-жылдын 9 айында республиканын өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды: 1076 жерде 12351 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости