www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө өрт өчүрүүчү кызматкер жумуш учурунда жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, кырсык 13-сентябрда Сокулук районуна караштуу Манас айылында болгон.

"Кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехтин жыгач устундуу, темир жабылган 700 чарчы метр чатыры жана ичиндеги үч тонна кездеме калдыктары күйгөн. Кырсык болгон жерге барган өрт өчүрүүчү-куткаруучусу адис бетинен жана колунан жараат алган. Азыркы учурда анын абалы туруктуу деп мүнөздөлүп жатат. Учурда өрттүн чыгышына эмне себеп болгону териштирилип жатат" - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, соңку бир күндө республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 бөлүм тартылды. Кыргызстанда 2019-жылдын 10 айында 3,5 миңдей өрт кырсыгы катталып, 36 адам каза болгон. Быйылкы жыл боюнча расмий статистика жарыялана элек.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости