www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катуу шамалдан жабыркаган айылдарга шифер жөнөтүлдү. Бул тууралуу кечээ, 2-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кант шифер заводунан 4760 даана шифер жүктөлүп, Ала-Бука районуна жиберилди. Жалпысынан ӨКМ унаалары менен 6740 даана шифер жөнөтүлдү.

Талас облусуна 1210 даана шифер жүктөлүп жөнөтүлдү.

Эске салсак, 27-декабрда түнкү саат 3:00 чамаларында өлкө аймагында катуу шамал катталган.
Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен катуу шамалдан 530 үйдүн жана 17 социалдык объектинин чатыры зыян тарткан.

Талас облусунун Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорунун аймагында 400гө жакын турак үйдүн, 30дай мекеменин чатыры жабыркаган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости